Баңгизат менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

  • 5 месяцев мурун

Баңгизат менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтун Ж.А.Г. аттуу мүчөсү кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Чүй облусунун Учкун айылынын боюндагы “Манас” аэропорту-Бишкек шаары” унаа жолунда чет элдик жаран жалпы салмагы 9 кг 980 граммды түзгөн “мефедрон” синтетикалык баңгизатын алып жүргөнү аныкталган жана  Ж.А.Г. аттуу жаран кармалды.

Ал  жаранга кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү беренеси  боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМК убактылуу камак жайына камалганы маалымдалды.     

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты