Баңгизат лабораториялары жок кылынды (Видео)

Бир сутка ичинде үч кызматтын —“Манас” бажысынын кызматкерлери, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлеринин  биргелешкен аракети менен жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында трансулуттук уюшкан кылмыштуу баңги тобу жоюлду.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, Кыргыз Республикасынын 11 жараны, Орусия жараны кармалды, алардын алтоо уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрү болуп саналат. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда алар уюштурган үч баңги лаборатория жоюлуп, Кыргызстанга баңгизат жеткирүүчү эл аралык канал жабылды. Ошондой эле органикалык баңгизаттарды саткан “Gangzilla” интернет-дүкөнүнүн ишмердүүлүгү токтотулган. Бул интернет дүкөндүн негиздөөчүсү жана куратору кармалды. 10 кгдан ашык марихуана («бүчүрлөр»), 75 бөтөлкө гашиш майы, гидропондук ыкма менен өстүрүлгөн 38 гибрид кара куурай бадалдары, баңги лабораториясынын жана интернет-дүкөндүн ишмердигинде колдонулган ар кандай буюмдар жана техникалык жабдуулар алынган.

Ошондой эле, алынган баңгизаттын наркы, аларды саткан учурда алдын ала эсептөөлөр боюнча 50 млн сомду түзөрүн белгилей кетүү керек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты