Баңги зат жана психотроптук каражаттар менен алектенүүгө шектүү топтун уюштуруучулары кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) менен бирге региондун аймагында баңги зат жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Мыйзамсыз иш-аракеттерди координациялоочу ролду ойногон кылмыштуу схеманын уюштуруучулары А.С.К. жана К.Т.Н. кармалды.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө баңги каражаттарын даярдаган нарколаборатория аныкталды. Ошондой эле психотроптук заттарды даярдоо жана аларды республика аймагында сатуу үчүн колдонулуучу 10 килограммдан ашык аралашма заттар жана химиялык компоненттер алынды.

Учурда кылмыштуу ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: УКМК видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты