Кыргызстандын авиациясын Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгаруу маселеси талкууланды
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, Европа комиссиясынын коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Питер Соренсен менен жолугушту. Жолугушууга Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло да катышты.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларын Европа Биримдигинин (ЕБ) авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу маселеси болду.
Министрлер кабинетинин башчысы Питер Соренсендин сапары өлкө үчүн принципиалдуу мааниге ээ экенин белгиледи.
«Биз Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүнү артыкчылыктуу багыт катары карайбыз жана европалык институттардын авиациялык коопсуздук маселелерине болгон профессионалдык мамилесин жогору баалайбыз» деп белгиледи Касымалиев.
Адылбек Касымалиев жүргүзүлгөн реформалардын конкреттүү натыйжалары жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, жүргүнчүлөрдүн агымы 2021-жылы 3,9 миллион адамдан 2025-жылы 6 миллиондон ашык адамга чейин көбөйдү, рейстердин саны 34 миңден 52 миңге чейин көбөйдү (өсүш 53%), өлкөнүн бардык 11 аэропортунун иши калыбына келтирилип, модернизацияланды.
«Узак аралыкка каттамдарды баштоо боюнча пландарыбыз иш жүзүнө ашты. Менчикке Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учак алынды, ал эми 2030-жылга чейин лизинг шартында дагы 10 аба кемесин жеткирүү пландалууда» деп билдирди МинКаб башчысы
ИКАОнун линиясы боюнча Кыргызстанда стандарттарды натыйжалуу киргизүү деңгээли 85,76%га жетти.
Соренсен Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов менен активдүү жана жемиштүү байланышта экенин ырастап, мындан ары да кесиптик талкууга даяр экенин билдирди. Акыркы чечим 2026-жылдын май айында ЕБнын тиешелүү комитетинин жыйынында кабыл алынарын кошумчалады.

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: gov.kg




