«Бүтүн Кыргызстан»: Адахан Мадумаров боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу чыга элек

  • 11 месяцев мурун

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын катчылыгы депутат Адахан Мадумаров боюнча атайын депутаттык комиссиянын корутундсу чыга электигин билдирди. Буга чейинки Фейсбук социалдык тармагындагы «Бүтүн Кыргызстан парламенттик фракциясы» баракчасы аларга тиешеси жок экенин айтты.

Буга чейин «Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Убактылуу депутаттык комиссия оппозициялык фракциянын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча корутундусун кабыл алды. Бул чечимге комиссиянын мүчөлөрү депутат Гуля Кожокулова менен депутат Фархадбек Алимжанов гана каршы чыкты» деп “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясы Фейсбук баракчасында билдирген. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын катчылыгы бул баракча «аларга тиешеси жок экенин айтты. Бирок бул баракчада партиянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү материалдар жарыяланат.

Парламенттик комиссиянын мүчөсү Кундузбек Сулмайманов менен Гуля Кожокулова азырынча парламенттик комиссиянын корутундусу чыга электигин билдирди.

Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. ЖК кандай чечет?  

Бүгүн, 22-июнда, саат 13:30да Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде аталган маселе каралып, андан соң пленардык жыйынга алып чыгышат.

Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылат, же четке кагылат.

31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо үчүн  депутаттык комиссия түзүү маселеси каралып, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирди.

Жогорку Кеңештин кароосуна депутат Адахан  Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча парламенттин макулдугун алуу үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден сунуш түшкөн. Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун күн тартибине кезексиз киргизген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты