Бишкекте коомдук жайлардагы той-салтанаттарды саат 22:00дө токтотуу чечими чыкты
- 4 недели мурун
Бишкек шаарынын мэриясы 13-ноябрда тескеме чыгарганын кабарлады. Ага ылайык, Бишкек шаарында саат 22:00дөн кечикпей коомдук тамактануу, маданий-оюн-зоок жайларынын иши токтотулушу керек. Ошондой эле аталган убакыттан кийин электр энергиясын көп короткон шаймандар өчүрүлүшү керек.
Бишкек шаарынын мэриясыны тескемесине ылайык, борбор шаарда “Тынчтык” мыйзамын аткаруу жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары” тууралуу мыйзамдын аткарылышын ишке ашыруу максатында коомдук тамактануу, маданий-оюн-зоок жайларынын (кафе, ресторан, бар, клуб, банкет залы жана башкалар) жетекчилери Бишкек шаарында салтанаттуу, маданий-оюн-зоок иш-чараларын саат 22:00дөн кечикпей бүтүрүшү керек. Электр шаймандары, айрыкча энергияны көп короткон (электр плита, жылыткыч, меш ж.б.) саат 22:00дөн кийин өчүрүлүшү керек.
Аталган убакыттан кийин музыканы катуу коюп, жарыкты жарк-журк эттирип, коомдун тынчын алган иш-чаралар токтотулушу керек.
Турак үйлөрдөн алыс жайгашкандар электр генераторун пайдаланса болот.
Райондук акимчиликтер бул маселени көзөмөлгө алууга, рейддерди жүргүзүүгө тапшырма берилди.
Бүгүн, 13-ноябрда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев электр энергияны үнөмдүү пайдалануу, той, оюн-зоок иш-чараларын саат 22:00дө токтотуу керектигин билдирген.
Кыргызстанда “Тынчтык жөнүндө” мыйзам 2024-жылы 23-октябрда кабыл алынган. Ал мыйзам менен үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга тыюу салынган убактысы: жумуш күндөрү – саат 22:00дөн 07:00гө чейин; дем алыш жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин. Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерди токтотуу каралган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




