Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо кагылды  

Бүгүн, 25-майда, өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды.

Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өткөн “Акыркы коңгуроо” салтанатына билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу катышты.

“Дүйнө тездик менен өзгөрүп, жашообузга маалыматтык технологиялар, санариптик көндүмдөр, санарип сабаттуулук деген түшүнүктөр кирип калды. Мурда окуганды, жазганды сөзсүз билишибиз керек деп айтсак, бүгүнкү талап компьютердик технологиялардын базалык көндүмдөрүн билүү зарыл болуп калды. Мектепти аяктап жаткан ар бүтүрүүчү менен эң ириде ата-эне, эжей-агай менин балам, окуучум деп сыймыктана турган күн келет деп ишенем. Келечегиңер кең, сапарыңар байсалдуу болсун!” деди министрдин орун басары.

Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо кагылды  
Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо кагылды  
Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо кагылды  
Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо кагылды  
Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо кагылды  
Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо кагылды  
Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо кагылды  
Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо кагылды  
Сүрөттөр: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты