Мектептерде быйылкы акыркы коңгуроо 26-майда өтөт

  • 3 недели мурун

Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында акыркы коңгуроо иш-чаралары  2025-жылдын 26-майында саат 9:00 өткөрүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Ошону менен бирге министрлик мындай эскертүүнү кошумчалады.

«Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.  Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү нөөмөт уюштурулат. Ошондой эле билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маалымат берүү максатында чогулуштар өткөрүлөт. Тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар жана башка каражаттарды, ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга тыюу салынат” деп айтылат маалыматта.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты