Бүгүн дүйнөлүк театр күнү белгиленет
- 2 месяца мурун
Театр искусствосу – тарыхтагы эң байыркы искусствонун бири, ал коомдун маданий өнүгүүсүнө зор салым кошуп келет.
Маданият, маалымат, спор жана жаштар саясаты министрлиги 27-мартта, театр күнү театр оюн-зоок мекемелеринде өтүүчү иш-чаралардын тизмесин сунуштайт.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 27.03.2025 саат 11:00 Театрдын ичине театр көрөрмандарына экскурсия.
Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры 27.03.2025 саат 17:00 Ачык асман алдында майрамдык концерт.
Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 27.03.2025 саат 12:00. Маданий иш-чара.
Кыргыз улуттук “Манас” театрында 27.03.2025 саат 12:00 театрдын ардагер актёрлору жаш актёрлорго жана театрдын өнөрпоздоруна мастер-класс өтөт.
Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы 27.03.25 театр күнүнө карата төмөндөгү иш-аракеттерди аткарат:
Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры
27.03.2025 саат 15:00 “Ата, кемпир алып берейинби?” комедиясы жана чакан концерттик иш-чара.
Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театры
27.03.2025 саат 16:30 театралдаштырылган концерттик программа.
Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры
27.03.2025 саат 10:30-12:00 Ачык асман алдында концерттик программа.
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры
27.03.2025 саат 15:00 “Гарри Поттер” фентези спектакли.
Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театры
27.03.2025 11:00, 14:30 Көргөзмө жана концерттик программа “Чигирик” спектакли.
Надирбек Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры
27.03.2025 Т. Сатылганов атындагы эс алуу багы саат 11:00-12:00, Алишер Навои эс алуу багы 13:00-14:00 Куурчак шоу.
Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры
27.03.2025 саат 14:00 “Траги – комедия” аталышындагы театрлаштырылган музыкалык комедия.
Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театры 27.03.2025 саат 14:00 “Күйөө сатам” (комедия) спектакли.
Калык Акыев атындагы Жумгал музыкалуу драма театры
27.03.2025 саат 18:00 “Абийир кечирбейт” спектакли жана концерттик программа.
Сүрөт: Интернет булактарынан