“Бөбөктай” борборунда  билим берүү министрлигинин кызматкерлеринин балдары 10 саатка чейин боло алышат   

  • 2 недели мурун

Билим берүү жана илим министрлигинде балдарды эрте өнүктүрүү борборунда министрликтин кызматкерлеринин балдары эки сааттан 10 саатка чейинки убакытта боло алышат.

Аларды мектепке чейинки билим берүү адистигинде  окуп жаткан студент-практиканттар карай тургандыгын министр Догдургүл Кендирбаева билдирди.

МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров II  кварталда бардык министрлик жана ведомстволордо балдарды эрте өнүктүрүү борборлорун ачууну тапшырды.

Борбордогу өнүктүрүүчү оюнчуктар, көрсөтмө куралдар, килемдер улуттук стилде  коопсуз, экологиялык таза материалдардан жасалган. Ошондой эле муздаткыч, микротолкундуу меш жана телевизор менен жабдылган. Санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптары сакталган.

Мындай борборду каалаган мекемеде, уюмда, ишканада уюштурууга болот. Айрыкча ошол мекеме-уюмдарда иштеген кызматкерлердин балдары үчүн ыңгайлуу.

Сүрөт: Билим берүү министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты