Азиз Садырбеков «Кыргыз маданият сервис» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргыз маданият сервис» мамлекеттик ишканасынын директору болуп Азиз Садырбеков дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун аталган министрлик билдирди.
Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырды.
Азиз Садырбеков буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси болуп иштеген.
Садырбеков Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча 2002-жылы бүтүргөн. Мамлекеттик башкаруу академиясынын менеджмент багыты боюнча магистратураны 2013-жылы аяктаган.
Сүрөт: Маданият министрлиги тараткан
Муну бөлүшүү