Азия өнүктүрүү банкынан алынган жана чет өлкөгө чыгарылган насыялар долбоорго кайтарылды
- 11 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин кызмат адамдарынын катышуусунда чет өлкөлүк банкка чыгарылган 1 миллион 498 миң 200 АКШ долларын ( КР УБ курсу боюнча 134 миллион 103 миң 882 сом) кайтарып берүү процедурасын аяктады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Бул Ысык-Көл областынын Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманы куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратуу коркунучун жараткан.
Буга чейин маалымдалгандай, 2024-жылдын 4-мартында УКМК органдары тарабынан аталган акча каражаттарын банкрот болгон чет өлкөлүк банкка чыгарууга тиешеси бар деген шек менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Х.Ш. К. кармалган.
Маалыматта айтылгандай, ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыялар толугу менен долбоорго кайтарылды жана Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманын курулушуна жумшалат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы