Азия кубогу-2023: Кыргызстандын футбол командасы Сауд Аравиясына жеңилип калды

  • 3 месяца мурун

Азия кубогу-2023 футбол таймашында оюндун экинчи турунда Кыргызстандын курама командасы Сауд Аравия командасына 2:0 эсебинде жеңилип калды.

Мелдеш 21-январда Катар мамлекетинин Доха шаарында “Ахмад Бин Али” стадионунда өттү.

 Гол киргизгендер: Мохаммед Канно 35′, Аль Гамди 85′

Кыргызстан F тобунда ойноп жатат. Кийинки мелдеш 25-январда Оман командасы менен болмокчу.

Кыргызстан курама командасы: Эржан Токотаев, Християн Браузман, Тамирлан Козубаев, Айзар Акматов ( 7′ мүнөттө кызыл карточка), Эрнист Батырканов (Нурдөөлөт Сталбеков — 63′), Гулжигит Алыкулов (Бахтияр Дүйшөбеков -63′), Бекжан Сагынбаев (Амантур Шамурзаев-87′), Одилжон Абдурахманов (Адиль Кадыржанов-73′), Александр Мищенко, Кайрат Жыргалбек уулу (Кай Мерк-73′), Кими Мерк (51′ мүнөттө кызыл карточка).

Буга чейин кыргыз футболчулары 16-январда Таиланд курамасы менен оюнда 0:2 эсебинде жеңилген.

Сүрөт: kfu.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты