Азия чемпионатында Денис Петрашов экинчи жолу алтын медаль жеңип алды

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Филиппинде өтүп жаткан Азия чемпионатында экинчи жолу алтын медаль утту.

Бул тууралуу сууда сүзүү боюнча федерациясы билдирди.

Ал брасс ыкмасы менен 100 метр аралыкка сүзүүдө биринчи болуп келди. Мелдештин аягында Денис Петрашов күчтүү атаандаштарынан озуп, Кыргызстандын курама командасына дагы бир алтын медаль кошуп, көрүүчүлөрдү жана кыргызстандыктарды кубанычка бөлөдү.   

Мындан эки күн мурун да ушул эле Азия чемпионатында Денис Петрашов 50 метрге сүзүүдө финалда 27,67 секундда келип, алтын медалга ээ болду.

Сүрөт: Сууда сүзүү федерациясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты