Денис Петрашов үчүнчү жолу Азия чемпиону болду

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Филиппиндин Нью-Кларк-Сити шаарында өтүп жаткан спорттун суудагы түрлөрү боюнча Азия чемпионатында Азия чемпиону болду.

Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы кабарлады.

Ал 50 метрге сүзүүдө финалда 27,67 секундда келип, алтын медалга ээ болду.

Денис Петрашовду алгачкылардан болуп, Кыргызстандын сууда сүзүү спортунун федерациясынын президенти Уланбек Акматбаев куттуктаганы белгиленди, ал ошол мелдеште рефери катары кызматы кылып жаткан.  

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов үч күн мурда АКШда өткөн АСС Сhampionship- студенттер лигасында күмүш медаль тагынган. Анда Денис Петрашов Луисвилл университетинин атынан катышып, 200 метр аралыкты 1 мүнөт 50,81 секундда сүзүп өтүп, экинчи орунду ээлеген.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты