Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды
- 3 months мурун
Бүгүн, 9-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтүн эки айга, 23-февралга чейин узартуу чечимин кабыл алды.
Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.
Ага ылайык, кармалгандар жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин деп белгиленген.
Муну бөлүшүү