Ажылык сапарга каттоо аяктады  

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 14-ноябрда саат 9:00 гө карата ажылыкка барууну каалаган 6524 киши 2000 АКШ доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана 1000 сом кайтарымсыз акча каражатын өлкө аймагындагы РСК банкынын филиалдарына төктү. Ажылыкка төлөм кабыл алуу жабылды.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Бул жолу Кыргызстанга 6060 квота бөлүнгөн. Ал эми 500 дөй киши резервде болот.

Буга чейин ажылыкка каттоо  20-ноябрга чейин созулары айтылып, бирок ага чейин орундар толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулары эскертилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты