Азербайжандын жараны жасалма акча сатып жатканда кармалды

  • 2 года мурун

21-июлда 3800 АКШ доллары өлчөмүндөгү чет элдик валютадагы жасалма акчаны сатуу учурунда Азербайжандын жараны М.Ш.Г. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жарандын убактылуу жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда 17400 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акча каражаты табылып алынды.

Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайына камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Азербайжандын жараны жасалма акча сатып жатканда кармалды
Башкы сүрөт: Интернет булактарынан.

Кармалган жарандыкы: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты