Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

  • 2 года мурун

11-12-октябрда Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.

Cапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны мындан аркы аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын жүрүшүндө мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү да пландалууда.

Алдыдагы мамлекеттик сапардын алкагында «Кыргызстан-Азербайжан достугу» сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты