Азербайжандын Агдам районунда «Айкөл Манас» мектеби ачылды
- 1 неделя мурун
- Фоторепортаж
Президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 3-июлда Агдам районунун Хыдырлы айылында «Айкөл Манас» орто мектебинин ачылыш аземине катышты.
Бул тууралуу маалымат КР президентинин сайтында маалымдалды.
Кыргызстан элинин атынан Азербайжанга белекке курулган мектеп 528 орунга ылайыкталган. Өткөн жылдын март айында башталган курулуш толугу менен аяктап, объект пайдаланууга даяр. Мектеп 2,7 гектар аянтка курулган.
Заманбап имарат үч окуу блогун, спорттук жана жыйын залдарын, ашкана, китепкана, физика, химия жана биология лабораторияларын, эки компьютердик классты, ошондой эле бардык керектүү окуу жана административдик жайларды камтыйт. Тийиштүү аймакта футбол жана волейбол аянтчалары, эс алуу аймактары жана класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү үчүн инфраструктура салынган.




