Азербайжанда Экономикалык кызматташтык уюмунун саммити өтөт

  • 1 неделя мурун

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжанга барат.

Бул тууралуу президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдиргени тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат берилди. .

Саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Афганистан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары катышат.

Тараптар Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде мүчө-мамлекеттер тарабынан климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашат.

Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле Азербайжандын Агдам районунда кыргыз тарап курган «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылышы болот», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Иллюстрациялык сүрөт: Баку шаары. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты