Азербайжан менен Армения тынчтык келишимине кол коюу ниеттерин ырасташты

  • 5 месяцев мурун

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин администрациясы менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын аппараты биргелешкен билдирүү таркатышты.

Анда тараптар «көз карандысыздыкты жана аймактык бүтүндүктү сыйлоо принциптерине негизделген тынчтык келишимине кол коюу» ниеттерин ырасташкан.

«Тараптар мамлекеттердин ортосундагы ишенимди бекемдөө боюнча олуттуу кадамдар жөнүндө макулдашууга жетишти. Ошондой эле Баку менен Ереван туткундарды алмашуу боюнча да макулдашты. Ага ылайык, Азербайжан 32 армян аскерин, Армения эки азери жоокерин бошотот», – деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары Армения БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө арналган 29-сессиясын өткөрүү боюнча Азербайжандын талапкерлигин колдоп, өз талапкерлигин алып койду. Өз кезегинде Азербайжан Армениянын «СОР Чыгыш европалык тобунун бюросуна» мүчө болуу өтүнүчүн колдоду.

Азербайжан менен Армения 30 жылдан ашуун убакыттан бери Тоолуу Карабактын айынан жаңжалдашып келген.

Быйыл 19-сентябрда Азербайжан аймакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында анклавдын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып берген.

Эл аралык коомчулук тааныбаган «Тоолуу Карабак Республикасынын» лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу буйругуна кол койгон.

Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кетти.

Еврошаркет, АКШ жана Орусия узак жылдардан бери арачы түшкөнүнө карабай, Азербайжан менен Армения тынчтык келишимине кол коё элек. Тараптар жабык турган чек араны демаркациялоо ишин да жүргүзүүгө тийиш.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты