Азербайжан маданият күндөрү жыйынтыкталды

  • 2 месяца мурун

24-апрелде Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң концерттик залында Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн жабылыш аземи өттү. Маданият күндөрү джаз музыкасына арналган концерттик программма менен жыйынтыкталды.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

Салтанаттуу иш-чарага  Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Азербайжан маданият министринин орун басары Мурад Фарид оглы Гусейнов, Азербайжан элчиси жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, студенттер катышты.

Музыкалык кечте Элбей Мамедзаде (рояль), Салех Мамедов (бас-гитара) жана Эйваз Хашимовдон турган (урма музыкалык аспаптарда) “Этно-джаз” триосу Азербайжан композиторлору Ариф Меликов, Тофиг Кулиев, Вагиф Мустафазаденин чыгармаларынан жана дүйнөлүк классикалардан үзүндүлөрдү джаз стилинде аткарды.

Төрт күн бою өткөн Азербайжандын маданият күндөрүнүн алкагында эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо максатында бир катар эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле, Азербайжан элинин көөнөрбөс бай, маданий мурасын чагылдырган концерттик программалар тартууланып, улуттук ыр-күүлөрү жаңырып, көргөзмөлөр уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы ааданият күндөрү Баку шаарында 2024-жылдын апрель айында өткөн.

Сүрөт: Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты