“Азаттыктын” адвокатына эсепти камакка алуу боюнча токтом бериле элек
- 2 года мурун
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Ички иштер министрлигинин тергөөчөсү Улан Жапековдун аракетсиздигин мыйзамсыз деп тапты.
Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Сыдыков ЖМКга билдирди.
Адвокаттын айтымында, соттун чечими болсо да, тергөөчү “Азаттыктын” эсебин камакка алгандыгы тууралуу токтомду берген эмес.
“Улан Жапеков өзү соттук отурумга келген жок, анын ордуна башка тергөөчү келди. Жапеков документтерди берген жок. Ал эсепти камакка алуу боюнча анын жетекчилеринин колу коюлган расмий уруксат алууну талап кылды” деди Нурбек Сыдыков.
Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.
31-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.
“Азаттык Медиа” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан кийин Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленген.
22-январда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана “Азаттык Медиа” боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын Фейсбукка жазган.
23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы маалым болду. Сот арызды кароо мөөнөтүн 9-февралга белгилеген. Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген эмес.
Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.