Аялзатын урматтоо эч качан унутулбашы керек. Президент айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 8-мартта, президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март -аАялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
-Бүгүнкү ааламдашуу доору өкүм сүрүп жаткан маалда улуттук салт-санаабызды сактоо өзгөчө мааниге ээ болуп турат. Дүйнө өзгөрүп, заман жаңыланса да, ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди, анын ичинде аялзатын урматтоо салты эч качан унутулбашы керек. Анткени жаркын келечекке таалим-тарбия ак жоолукчан апаларыбыздан башталат. Энени урматтаган, атаны аздектеген эл эч качан кем болбойт, -деп айтылат куттуктоодо.
-Мамлекетибиз да аялзатын улуттун учугун улоочу, коомдун өнүгүшүнө салым кошуучу кут катары баалап, ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Биз билим берүү, илим, маданият, медицина, ишкердик, мамлекеттик башкаруу жана башка тармактардын өнүгүшүнө бараандуу салым кошуп келаткан кыргыз айымдары менен ар дайым сыймыктанабыз. “Атын атаса – куту сүйүнөт” дейт, соңку тарыхыбыздагы Какиш Рыскулова, Батыш Салиева, Токтоган Алтыбасарова, Зууракан Кайназарова, Телегей Сагымбаева, Тенти Адышева, Күлүйпа Кондучалова жана башкалардын ысымдары кыргыз айымдарынын даңкын даңазалап, ордун белгилеп турат. Булар — тарыхтагы даанышман кыргыз энелеринин жолун улап, кыргыз аялзатынын күчүн, акылын, дараметин айгинелеп келген улуу инсандар.
Бүгүнкү күндө бул ысымдарды туу тутуп, өз тармактарында өзгөчө эмгеги менен айырмаланып, өлкөнүн өнүгүшүнө ар тараптан салым кошуп келе жаткан айымдарыбыз да арбын.
Асылзаада аялдардын чыгышын шарттаган ата-бабалардан калган ардак мамилени, тутунган баалуулуктарды мындан ары да улантууну милдетибиз деп билебиз. Өзөгүбүздү таап, салтыбызга кайтуу — бул аялзатынын кадырын көтөрүү, энени ыйык тутуу, кызды сыйлоо экенин эң сонун түшүнөбүз.
Кыргызстандын ажарлуу айымдары! Сиздерге түгөнгүс бакыт-таалай каалайм. Үйүңүздөрдөн береке кетпесин, жүзүңүздөрдөн жылмаюу өчпөсүн. Балдарыңыздардын бактысына күбө болуп, улутубуздун учугун улай бериңиздер. Асыл наркыбызды даңазалап, ар дайым бар болуңуздар! Майрамыңыздар кут болсун!-деди куттуктоосунда мамлекет башчы.
Бүгүн, 8-март — аялдардын эл аралык майрамы. Ал көптөгөн өлкөдө тең укуктуулук жана эмансипация үчүн күрөштө тилектештик күнү катары пайда болгон.
Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылды эл аралык аялдар жылы деп жарыялаган жана эл аралык аялдар күнүн белгилей баштаган.
1977-жылы БУУнун башкы ассамблеясы ар бир мамлекет өз салттарына жараша, жылдын бир күнүн айымдардын теңдик күнү деп жарыялоо туурасында мамлекеттерге сунуштаган.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




