“Аялыңды, кызыңды же мандатыңды танда”. Экс-депутат Асанбековду мандатын тапшырууга мажбурлашкан

  • 3 недели мурун

Президенттин Кочкор районунун калкы менен жолугушуусунда Бишкек шаарынын экс-депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырууга кимдер мажбурлаганын ачыктады:

-Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгом, март айына чейин “Эмгек” фракциясынын лидери болгом. Сиздин кеңешчиңиз Кубандыков Жаныбек чалып, же камаласың, же мандатыңды тапшыр деди. Тапшырбай койдум. Таң аткыча саат 5ке чейин кармашты. Анан аялыма чалыптыр, аялым кош бойлуу болуп, телефон чалуудан кийин суусу кетип, ооруканага түшүптүр. Мага айтты, «аялың ооруканада же кызыңды танда, же мандатыңды танда» деди. Айла жок, мандатымды тапшырдым, -деди Жаныбек Асанбеков.

Президент Садыр Жапаров учурда Жаныбек Кубандыков кеңешчи эмес экенин, мурда коомдук башталышта кеңешчи болгонун айтты. Бирок коомдук башталыштагы кеңешчилерден күбөлүктөр алынып салынганын, аларга ишенбеш керектигин жана мандаты эмне себептен алынып калганын териштириш керектигин билдирди.

Президенттин экс-кеңешчиси Жаныбек Кубандыков үй камагына чыгарылды. чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарды.  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан чет өлкөлүк инвесторлорго карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын жарандары К.Ж.А. жана А.К.Т. кармалган.

Сүрөт: president.kg  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты