Аялдарга карата зомбулукка каршы туруунун 16 күндүгү өтүүдө

  • 2 года мурун

Кыргызстанда зомбулукка каршы “Аялдарга карата зомбулукту токтот!” аттуу маалымат кампаниясынын 16 күндүгү өтүп жатат. Акция 10-декабрь — эл аралык  адам укугу күнүнө карата жыйынтыкталат.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтуусунда,  кампаниянын максаты үй-бүлөлүк, гендерлик, ошондой эле  кандай гана зомбулук болбосун, каршы туруу болуп саналат.   

Дүйнө жүзү боюнча өтүп жаткан “Зомбулукка каршы 16 күн” акциясы үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууда өкмөттү, активисттерди жана коомчулукту бириктирет. Жыл башынан бери Кыргызстандын ички иштер органдары тарабынан  8 миңден ашык кайтаруу ордери берилген, алардын 95,1 % ы эркектерге, калгандары аялдарга карата.  

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу жаңы улуттук стратегиясынын 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүүнүн негизги аспекти болуп саналат. Биздин өлкө КМШда биринчи болуп “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоонун социалдык-укуктук корголуусу” тууралуу мыйзамды кабыл алган.

2017-жылы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо”  мыйзамы кабыл алынган, ал инновациялык ченемдерди камтыйт. Ал мыйзам боюнча, ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулуктун кандай гана түрү болбосун,  жардам сурап кайрылуу фактыларына токтоосуз аракет кылыш керек. Кайрылуу жапа чеккен адамдардан гана эмес, башка адамдардын да болсо, ага көңүл буруу каралган, кайтаруу ордери киргизилди, зомбулук көрсөткөндөрдүн жүрүш-турушун өзгөртүүнүн коррекциялык программасын колдонуу каралган.  

“Аялдарга карата зомбулукту токтот!” аттуу кампания “Унчукпай калба!” деген маданиятты калыптандырып жатат. Бул аялдарга карата зомбулуктун ар кыл түрлөрүнө, жумушта жана коомдук жайларда зомбулук көрсөткөндөргө да көңүлдү бурат.  Ошондой эле эркектерди үй-бүлөдө жоопкерчиликтүү болууга чакырат.            

Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, республикада 17 кризистик борбор иштейт, алар турмуштун оор жагдайында калган, зомбулукка кабылган адамдарга көмөк көрсөтөт.  

Министрлик мамлекеттик социалдык буйрутманы аткаруу алкагында, мындай борборлорду ачууга жана колдоого жардам берери тууралуу да белгиленип кетти.

Сүрөт: Сцоиалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты