«Аялдар баш калкалоочу жай”. Жаңы спектакль тартууланат  

  • 1 год мурун

Бишкекте Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры эл аралык аялдар күнүнө утурлай «Аялдар баш калкалоочу жай» спектакли коюлат

6-мартта Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры  Токтоболот .Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында «Аялдар баш калкалоочу жай» спектаклин тартуулайт.

Спектаклде чакан баш калкалоочу жайда зордук-зомбулуктан качып жаткан сегиз аялдын тагдыры чагылдырылат. Спектакль эл аралык аялдар күнүнө карата уюштурулуп, USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлөт.

Спектакль кыргыз тилинде көрсөтүлүп, орус жана англис тилдерине синхрондук котормо менен которулуп турат. Кирүү акысыз. Акысыз билеттерди Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын кассасынан же www.ticket.kg сайт аркылуу алса болот. Башталышы 19:00дө.

«Бул сахналаштыруу азап-кайгыны гана эмес, аялдардын күрөшүн, үмүтүн, күчүн, тилектештигин чагылдырат. Аялдар оор кырдаалда жалгыз эмес экенин сезиши керек» дейт спектаклдин режиссеру Эльвира Ибрагимова.

Спектаклде башкы ролдорду Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Гүлмира Ташматова, Гүлмира Турсунбаева жана Айнур Тургунбаева аткарат. Ошондой эле Шекерхан Жоомартова, Майрамбек кызы Мыскал, Элес Калмуратова, Айнура Темирова, Шаршенбек кызы Аида ойношот.

«Бул спектакль гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга чоң салымын кошот деп ишенебиз. Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн кризистик борборлор жана мыйзам түрүндө аялдарга колдоо көрсөтүүнү күчөтүү абдан маанилүү» деп баса белгилеп кетти «Жигердүү жарандар» долбоорунун жетекчиси Наталия Пипия.

«Жигердүү жарандар» – бул USAID тарабынан каржыланган жана FHI 360 тарабынан ишке ашырылган беш жылдык долбоор. Долбоор Кыргызстанда жарандык коом уюмдарынын ишин колдоо жана жарандык активдүүлүктү жогорулатууга багытталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты