Коомдук жайда мушташкан аялдар камакка алынды

18-июнь күнү социалдык тармактар аркылуу Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндө аялдардын мушташкан видеосу тараган.

Аталган маалымат Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү 1990-жылы туулган Р.П., жана 2000-жылы туулган А.Б., аттуу аялдардын жүргөн жерин аныкташып, укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-(майда бейбаштык) беренесине ылайык протокол түзүп, камакка алынды.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен тийиштүү юридикалык баа берилет.

Иллюстрациялык сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты