Автомобиль айдап, ээнбаштык жасаган жаранга 15 миң айып салынды

  • 1 год мурун

“Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү унаа атайын автоээнбаштык жасап, коомчулуктун тынчын алып жаткандыгы боюнча социалдык тармактарда тараган видео тасма боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы чара көрдү.

Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери  бул факты боюнча аталган унааны таап, автоээнбаштык жасагандыгы үчүн айдоочусуна 15 миң сом айып салышты  жана унаасын айып короо жайына токтотушту.

Айдоочу кайталап автоээнбаштык жасай турган болсо, алты айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Мына ушундай жол эрежелерин бузуу фактыларына күбө болсоңуздар 0777 102 102 ишеним номуруна жөнөтүп койсоңуздар болот. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

Сүрөт: Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз борбору тараткан видео тасмадан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты