Автобус ичиндеги мушташ боюнча кылмыш иши козголду

  • 9 месяцев мурун

Кечээ, 19-сентябрында болжол менен саат 20:20 чамасында “102” кызматына чакырык түшүп, анда №212 каттамдагы автобустун ичинде азият түспөлүндөгү белгисиз аял башка бир аялды сабап салганы кабарланган. Окуянын кесепетинен 30 жаштагы жабырлануучу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бул факт боюнча жабырлануучунун агасы Т.Э. ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Ошондой эле, окуяга байланыштуу видео тасма социалдык тармактарга тараган.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 2005-жылы туулган М.С. аттуу жаран кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты