Атышуу менен коштолгон мушташка шектелген тогуз киши кармалды

  • 2 месяца мурун

Бишкекте атышуу менен коштолгон мушташууга шектелип, 9 киши кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 13-майда, Бишкекте саат болжол менен 18:26 чамасында Жаш гвардия бульвары менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп, ал атышуу менен коштолгондугу болжолдонот.   

Милиция кызматкерлери бул иш боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси, бейбаштык боюнча кылмыш ишин козгогон.  Ал кылмышка шектүү 9 киши кармалган

Р. К., 2000-жылы туулган, К. Б., 1999- жылы туулган, Б. Э., 2001-жылы туулган, Ш. Э., 1997-жылы туулган,  Т. А., 1999-жылы туулган, Н. А., 2001-жылы туулган, П. Б., 2007-жылы туулган, Ж. Т., 1989-жылы туулган жана Ж. Ж., 1999-жылы туулган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча мушташ жаштардын айтышып кеткенинен улам чыккан. Мында травматикалык тапанча менен атышуу орун алган.  

Атышуу менен коштолгон мушташка шектелген тогуз киши кармалды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты