Аткезчилик жол менен алынып бараткан 12 тонна минералдык жер семирткич табылды     

  • 2 года мурун

28-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) Баткен бажысынын кызматкерлери менен бирге «Боз-Адыр-Баткен» унаа жолунда 2003-жылы туулган М.И. аттуу жаранды кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Жүктү текшерүү учурунда Өзбекстанда өндүрүлгөн 12 тонна минералдык жер семирткич табылган.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, кармалган жүктүн баасы 480 миң сомду түзгөн.

Азыркы учурда тийиштүү иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты