Аткезчилик жүк менен унаа кармалды

  • 2 года мурун
Аткезчилик жүк менен унаа кармалды

20-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) чек ара кызматы менен бирге Баткен районунун аймагында баасы 800 миң сомго жакын болгон контрабандалык жүк менен келе жаткан унааны кармады.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тажикстанда чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк менен Тажикстандан келе

жаткан “Мерседес-Бенц спринтер” унаасы аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча кылмыш ишинин материалдары кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты