Аткезчилик менен келген дары-дармектер мыйзам талаптарын бузуп, ден соолукка да зыян алып келет (Видео)

Бишкек шаарынын аймагында медициналык эстетикалык косметологияга адистешкен бир катар сулуулук салондору жана сулуулук клиникалары иштейт. Ошол эле учурда, алар колдонулган медициналык препараттар тиешелүү  экспертизалардан өтпөй тургандыгы аныкталды. Бул КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, айрым сулуулук клиникаларында жогорку сапаттагы дары-дармек эмес, контрабандалык жол менен алынып келинген дары-дармектер колдонулат, бул аллергиялык реакция анафилактикалык шок, сезгенүү жана инфекциялык процесстер, сепсис, жумшак ткандардын некрозу жана гематома сыяктуу дарттарга чалдыктырып, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу зыян алып келет.

Бул өз кезегинде жакынкы келечекте улуттун генофондунун бузулушуна алып келиши мүмкүн, анткени азыркы учурда Кыргыз Республикасынын көпчүлүк жаш кыздары косметологдордун кызматына кайрылышууда.

Азыркы учурда топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Видеодон.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты