Аткезчилик менен алынып келинген уюлдук телефондор конфискацияланды  

  • 1 год мурун

4-октябрда Лейлек райондук сотунун чечими менен уюлдук телефондорду аткезчилик жол менен ташууну уюштурууга катышкан У.М.С. жана К.Р.Б., күнөөлүү деп табылып, 320 миң сом айып салынган. Мамлекеттин кирешеси катары уюлдук телефондор конфискацияланды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамдекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

22-июнда «Кольцо» өткөрмө пунктунан УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана мамлекеттик бажы кызматынын «Баткен» бажысы менен бирдикте, Ш.К.А. аттуу жарандын башкаруусундагы «Opel Zafira» маркасындагы авто унаа токтотулган.

Унаанын жүк салгычын кароодо кошуна мамлекеттен контрабандалык жол менен  алынып келинген 10 куту 660 даана уюлдук телефондор табылып алынган.

Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты