Атазовдун шайлоо кампаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыкты

  • 4 месяца мурун

Бишкектин Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун шайлоо кампаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыгарды. Бул тууралуу 26-декабрда «Азаттыкка» Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, райондук сот 21-декабрда эки кишини (К.А.О. жана М. У.А.) кылмыш-жаза кодексинин «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренеси менен күнөөлүү деп таап, экөөнө тең 100 миң сомдон айып пул салган. Ушул эле берене менен айыпталган дагы бир шектүүнүн (Ж.К.К.) иши Свердлов райондук сотунда 15-январда каралат.

Ноябрь айында «Азаттыктын» ишенимдүү булактары Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча маселе жаралганын, анын тарапташтары делген бир нече адам күч органдарына суракка чакырылганын айтышкан.

Депутат шайлоодо ага тарапташ болгон адамдар милициянын убактылуу кармоочу жайларына үч-төрт саатка камалып, кыйноого кабылганын билдирип, кармалган адамдар ага тиешеси жок экенин кошумчалаган. Ал ошол учурда президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, болуп жаткан окуялар тууралуу аларга «туура эмес маалымат» жеткирилип жатат деп билдирип, кабыл алуусун суранган. Өзү УКМКда сурак берип чыккан.

Шайлообек Атазов 2022-жылы Бишкектин Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен депутат болгон.

Шайлоодо баштапкы эсеп боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добуш алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, буга добуш сатып алуу фактысы негиз болгонун билдирген.

Андагы шайлоодо алдыда келген үч талапкер – Шайлообек Атазов, Абдурахманхажи Муртазалиев жана Аскар Алмаз уулу бири-бирин добуш сатып алууга айыптаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты