“Атам экөөбүз метродо госпиталга бара жатканбыз”. Испаниядагы видеону Атамбаевдин уулу комментарийледи
- 4 дня мурун
- Видео
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Испаниянын метросунда уулу Кадыр Атамбаев менен бара жаткан видеосу социалдык тармактарга тарады. Ал видеону уулу мындайча комментарийледи:
-Ал учурда мен жана атам госпиталды карай метродо бара жатканбыз. Атамдын омурткасы катуу жабыркаганын билесиздер. Врачтар атама мүмкүн болушунча көбүрөөөк жөө жүрүүгө кеңеш беришкен, бирок дайыма жөө жүрө албайт экен. Жээнбеков өлкөнү башкарып турган учурда абдан начар шартта абакта, СИЗОдо жатканда омурткасын катуу жабыркатып алыптыр. Акырындап айыгып келатат, албетте, дарылануу дагы алдыда. Жүрөгүн дагы дарылатат. Менин оюмча, атамдын ден соолугу оңолот деп ойлойм. Социалдык тармактарга чыккан видео тууралуу мен Бишкекте, “Асанбай” кичирайондо агитация учурунда билдим. Баарыңыздарга биздин үй-бүлөгө, атама тынчсызданганыңыздар үчүн ыраазылык билдиребиз,-деди Кадыр Атамбаев.
Соцтармактарга тараган Испаниянын метросундагы видео. Алмазбек Атамбаев уулу Кадыр менен.
2022-жылы 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыккан. Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарган. Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берилген. Ал Испанияда дарыланып жаткандыгы кабарланган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылы Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.
Сүрөт: Видеодон алынды