«Бишкекке метро керек”. Депутат Малиев автожолдордогу тыгын тууралуу

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 6-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Арсланбек Малиев Бишкектеги автожолдордогу тыгын көйгөйү тууралуу сөз козгоп, аны чечүү метро курмайынча чечилбей турганын белгиледи.

-Бишкек азыр эли миллиондон ашкан шаар. Жолдордо тыгын болуп жатат. Оңдоо-түзөө боло электе эле бул маселе курч турат, Бишкек шаарында метро курмайынча, жолдордогу тыгын маселеси бүтпөйт. Метрону курса болобу же болбойбу? Мен болот деп ойлойм, эгерде кандайдыр дипломатиялык жолдор менен же Кытай, же Россия менен, же башка өлкөлөр менен сүйлөшүп, метрону аларга 20-30 жылга берип таштап, жасагандан кийин колдонсун, андан кийин бизге өтөт деп келишимдерди Министр кабинети караса деген сөз. Ошондо Бишкектеги тыгын, автожолдогу проблемалар чечилип калат деп ойлойм, -деди депутат Малиев.

Бишкек шаар бийлиги автожолдордогу тыгын көйгөйүн чечүүнүн бир катар чараларды жасап келет, ал үчүн маршруттук таксилер үчүн жүргүнчү ташууну азайтуу, автобустардын санын көбөйтүү, жолдорду чоңойтуу, айланма жолдор, автобекеттерди шаардан сыртка чыгаруу ж.б.

Сүрөт: Интернет булактарынан

           

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты