Атай Огонбаевдин 125 жылдыгы белгиленет

  • 4 недели мурун

Министрлер кабинети тарабынан улуу комузчу, ырчы жана композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси белгиленет.

Маданият министрлиги мааракеге карата төмөнкүдөй иш-чаралар өтөрүн жарыя кылды:  

-Салтанаттуу концерт 27-октябрда саат 18:30да Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт;

-Кинематография департаменти тарабынан Атай Огонбаев тууралуу кыска метраждуу документалдуу тасма даярдалууда. Ошондой эле, “Ала-Тоо” кинотеатрында «Атай» аттуу көркөм тасма 1 сеанс акысыз көрсөтүлөт;

-Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети, Композиторлор жана музыка ишмерлер союздары менен бирге илимий-практикалык конференция өткөрөт;

— ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Берлин, Анкара, Будапешт шаарларында концерттер уюштурулат; АКШ жана Түркиядагы музейлерде Атай Огонбаевдин чыгармачылыгы тааныштырылат;

-Филология илимдеринин кандидаты Аттокур Жапановдун “Атай Огонбаев” аттуу I томдук энциклопедиясынын бет ачары 24-октябрда саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтөт. Ошондой эле китепканада сүрөт көргөзмөсү жана Атай Огонбаевдин урматына атайын бурч ачылат;

-Министрлик ЮНЕСКО Улуттук комиссиясына Атай Огонбаевди Түрк дүйнөсүнүн классикалык композиторлоруна киргизүү боюнча сунуштама берет.

Министрлик иш-чаралардын жогорку деңгээлде өткөрүлүшүн камсыз кылып, Атай Огонбаевдин чыгармачылык мурасын жарандарга жана дүйнө коомчулугуна кеңири таанытууну максат кылат.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты