Бишкек мэри Ататүрк паркы боюнча чечим президент менен макулдашылганын айтты

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багы боюнча чечимди Бишкек шаарынын мэриясы кабыл алып, өлкө жетекчилиги менен макулдашылганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-апрелде маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө паркта жайгашкан объектилердин ээлерине билдирүүлөр жөнөтүлүүдө.

«Бизде бардыгын бузуу же объекттердин жарымын калтыруу милдети жок. Баары мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын бекитилген мыйзамдарынын алкагында болот. Биз бул маселелерди сот аркылуу чечүүгө даярбыз. Айрым объектилер боюнча сот органдарына, укук коргоо органдарына кайрылууга туура келип калышы мүмкүн», — деди Жунушалиев.

Шаар башчысы Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 “СССРдин 50 жылдыгы “сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга бекитүү жөнүндө” токтомунда сейил бактын чек араларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилбестен жер тилкелери берилгенин кошумчалады. Компенсацияга байланыштуу бардык маселелер дагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында каралат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты