Ат-Башыда өзгөчө кырдаалдар режими алынды   

  • 11 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Нарын облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, аба-ырайы турукташып, жааган карлар эрип, малчыларга жана мал-жандыктарга болгон коркунуч жоюлгандыгына байланыштуу көзөмөл жергиликтүү бийликке жүктөлүп, куткаруучулардын жардамына муктаждык жок экенин билдирген.

Мындан улам Ат-Башы районунун акиминин буйругунун негизинде 5-майдан тартып Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды.

2023-жылдын 2-3-май күндөрү Ат-Башы районунда аба ырайы кескин өзгөрүп, өзгөчө кырдаалдар жарыяланган болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты