Келерки жылы Ат-Башы районуна 1 млрд сом кошумча каржылоо караштырылат

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалары жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматта белгиленгендей, райондун акими Мухтар Шербаев мамлекет башчыга акыркы жылдары ишке ашырылган инфраструктуралык долбоорлор, калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча чаралар жана районду мындан ары өнүктүрүү пландары тууралуу презентация жасады.

2021-2025-жылдар аралыгында Ат-Башы районунда жалпы суммасы 910,9 млн сомдук 17 объект ишке ашырылганы белгиленди. Алардын катарында эки мектеп, беш бала бакча, эки спорт залы, жети административдик имарат, ошондой эле асфальт-бетон заводу курулуп, пайдаланууга берилген.

Презентация учурунда райондун өнүгүшүнө кошумча түрткү берүүчү келечектеги демилгелер сунушталды. Сунушталган долбоорлордун жалпы наркы 885 млн сомду түзөт.

Алардын арасында Калкты тейлөө борборунун, санариптик борбордун, кардиология борборунун, мал чарбачылыгын комплекстүү өнүктүрүү станциясынын, Ат-Башыдагы заманбап мал базарынын, борбордук стадиондун, ошондой эле үй-бүлөлүк эс алуу паркынын курулушу бар.

Президент Садыр Жапаров сунушталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн дээрлик 1 млрд сом талап кылынарын белгиледи. Мамлекет башчысы акыркы жылдары республиканын көптөгөн райондоруна инфраструктураны жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө олуттуу каражаттар, анын ичинде 1 млрд сомго чейин бөлүнгөндүгүн белгиледи.

Буга байланыштуу мамлекет башчы келерки жылы республикалык бюджеттен Ат-Башы районуна бир млрд сом кошумча каржылоо караштырууну тапшырды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты