Ат-Башыда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

  • 12 месяцев мурун

Ат-Башыда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ат-Башынын Арпа өрөөнүндө 2-майдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыктары менен калган. Малчыларда 867 уй, 1400 кою бар. Учурда малчылардын тамак-аштары жетиштүү, бирок мал жандыктардын тоюту жок болгондугуна байланыштуу малчылар жардам сурап кайрылган. ӨКМден ыкчам топ тартылып, Ат-Башы РМА- акимдин орун басары жеринде болуп жаткан абалдан кабар алып, жергиликтүү бийлик тургундар менен биргеликте жерине 680 түк чөп жеткиришти. Учурда жол каттамы ачык. Ошондой эле Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында Ат-Башы РМАнын башчысы-акимдин буйругунун негизинде 3-майдан тарта райондун аймагына өзгөчө кырдаал режими убактылуу киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты