Ат-Башыда катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду  

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майда катуу шамал болду. Шамал үйлөрдүн чатырын учуруп, төрт адам жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.  

Алдын ала маалыматтар боюнча  район аймагында түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 24, Нарын жана Ак-Талаа райондорунун аймагында шамалдын ылдамдыгы секундуна 18 метрге чейин жеткен.

Кайрылуулар түшкөн аймактарда, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери жарандык коргонуу комиссиялары менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Табият кубулушунан Ат-Башы айылындагы райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын, 2 кабаттуу үйдүн, Кара-Суу айылындагы мектепти жылытуучу отканасынын, Дыйкан айылында 2 үйдүн, Калинин айылындагы мектептеги спорт залдын, Май-Булак тилкесинде 1 мечиттин жана 3 турак жайдын чатырларын учурган.

Шамалдан 4 киши жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген.

Ал эми саат 21:10го карата 36 үйдүн, 6 социалдык мекеменин чатырлары кыйраган. Нарын шаарында 1 үйдүн чатырын шамал учурганы аныкталган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты