«Ат-Башы» салмак-габарит көзөмөлүндө айдоочулардан мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды
- 4 months мурун
- Видео
Транспорт жана жолдор министрлигинин Нарын райондук автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын Ат-Башы райондук салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Кытайдан жүк ташууга адистешкен оор жүк ташуучу унаа айдоочуларынан мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталды..
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан салмак-габариттик көзөмөлдүн кызмат адамдары мыйзамда белгиленген нормаларды кыйгап өтүп, оор жүк ташуучу унаа айдоочуларынан 500 сомдон 3 миң сомго чейин акча каражаты системалуу түрдө алынып турган. Бул белгиленген өлчөмдөгү салмактан ашып кеткен фактыларды жашырып жана айып төлөөдөн качууга жардам берген.
Салмак жана габариттик көзөмөл кызматкерлери тарабынан айып салынган каражаттардын белгиленген өлчөмүн (17500 сомдон жана андан ашык) кем баалоодон жана аларды максатсыз пайдалануунун натыйжасында өлкөнүн бюджетиндеги финансылык ресурстардын жоголушуна алып келди.
Тиешелүү тергөө-ыкчам чаралары улантылып жатканы айтылды.


