Ат-Башы районунда жер титиреди

  • 3 месяца мурун

Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 19-ноябрда, саат 05:16да Нарын облусунун Ат-Башы районунда очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Таңкы жер титирөөнүн очогу болжолдуу маалыматтар боюнча, Ат-Башы тоо кыркаларында, Өзгөрүш айылынын түштүк-чыгышынан 11 чакырым, Талды-Суу айылынын түштүк-чыгышынан 15 чакырым, Нарын шаарынын түштүк-чыгышынан 40 чакырым алыстыкта болгон.

Жер титирөөнүн күчү Өзгөрүш, Талды-Суу айылдарында 3,5 балл, Большевик, Биринчи май айылдарында 3 баллга жеткен.

Сүрөт: Сейсмология институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты