Ат-Башы районунда катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду
- 4 месяца мурун
Нарын облусунун Ат-Башы районунда бүгүн, 27-мартта, ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал катталып, үйлөрдүн чатырын учурду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында, райондун Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайдын жана Терек-Суу айылында 2 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткен.
Шамал басылгандан кийин жеринде жарандык коргоонуу комиссиясы келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иш-чараларын жүргүзөрү айтылды.
ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну, өзгөчө кырдаалдарга кабылганда, «112» кызматына билдирүүнү эскертти.
Муну бөлүшүү