Астананын соту Рузахуновдун Казакстандын ИИМине каршы доосун канааттандырган жок

  • 11 месяцев мурун
Астананын соту Рузахуновдун Казакстандын ИИМине каршы доосун канааттандырган жок

Астананын Алматы райондук соту кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча Казакстандын Ички иштер министрлигине койгон доосун канааттандырган жок.

Бул тууралуу маалымат музыканттын Instagram баракчасына жарыяланды.

Рузахуновдун адвокаттары ал тууралуу тараган маалыматты чындыкка коошпойт деп таанууну жана ИИМди эл алдында кечирим суроого милдеттендирүүнү суранышты.

Отурумга судья Расул Карагаев төрагалык кылган.

«Сотто Алматы Полиция департаментинин басма сөз кызматынын жетекчиси Салтанат Азирбек жооп берди. Анын айтымында, 2022-жылдын 8-январында ал «Алматы» телеканалынын кызматкерлери жана оператору менен Кошмамбет айылындагы кабыл алуучу жайга барып, алар кармалган төрт кишиден, анын ичинде Викрам Рузахуновдон сурамжылоо жүргүзүшкөн. Бардык материалдар Ички иштер министрлигинин жергиликтүү бөлүмү тармагы аркылуу берилген» деп жазылган Викрам Рузахуновдун баракчасында.

Ал адвокаттардын суроосуна жооп берген учурда интервью алуу тууралуу ким тапшырма бергени эсинде жок экенин, тапшырма оозеки түрдө берилгенин айткан.

Музыканттын ур-токмокко алынганын, андан калган тактарды байкабаганын, болгону бут кийиминдеги боонун чечилгенин көргөнүн билдирген. Кармалгандардын аты-жөнүн ага айтышкан эмес.

Сот 19-майда музыканттын арызы боюнча чечим чыгарып, аны толугу менен канааттандыруудан баш тарткан.

Арыз ээси соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдирген.

Былтыр Казакстандагы январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн музыкант Викрам Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабаган.

Аны коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана коё берип, Бишкекке жөнөткөн. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган музыкант кыйноого кабылганын айтып чыккан. Рузахуновдун бети көгала болуп тартылган видеосу ошол күндөрү интернетте тараган.

Сүрөт:

Буга чейин Рузахунов экспертизанын жыйынтыгында казакстандык адистер анын ден соолугуна оор залака келтирилгенин аныктап чыгышканын билдирген.

Ал эми мамлекеттик каналдар аркылуу тарап кеткен видеого Казакстандын Ички иштер министрлигиндеги адамдар себепкер экени аныкталганын айткан Рузахунов ошол тасмадагы маалыматты кимдир бирөө эл алдына чыгып төгүндөйбү же кечирим сурайбы деген суроосуна «Эгер жетекчиликтен тапшырма берилсе аткарууга даярбыз» деген жооп алганын айткан.

Музыкант аны Таргап айылынын тушунан кармап кеткен адамдар буга чейин аныкталып, суракка алынганын, бул жолу алар менен жолугушуу уюштурула турганын, бирок Казакстандын коопсуздук мекемеси алар тууралуу маалыматты купуя деп жабык кылып койгону аныкталганын айткан.

Алар кабылган окуялар боюнча иштер «кыйноо» беренеси менен козголгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты