Астана «Талибанды» Казакстанда тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарат

  • 4 месяца мурун

Казакстан «Талибан» радикал кыймылын (бир катар өлкөлөрдө террористтик уюм деп таанылган) өлкөдө тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарууну чечти.

Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Ал Астана тыюу салынган террордук уюмдардын улуттук тизмеси жаңылана турганын айтты. Анын билдиришинче, талибдерди тизмеден чыгаруу чечими «БУУнун тажрыйбасына ылайык» кабыл алынган.

«БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аткарууга милдеттүү болгон резолюцияларына ылайык, «Талибан» кыймылы БУУнун Коопсуздук кеңеши террористтик деп тааныган уюмдардын тизмесине кирген эмес» деди Смадияров.

2005-жылы Жогорку соттун чечими менен Казакстанда «Талибан» кыймылына тыюу салынган. 2021-жылы талибдер Ооганстанда бийликти басып алгандан бери Астана Кабулга бир нече жолу расмий делегацияларды жөнөткөн.

Август айынын башында Астанада казак-ооган бизнес-форуму болуп өткөн. Ага эки өлкөнүн 300дөн ашуун өкүлдөрү чогулган. Иш-чарага ишкерлерден тышкары талибдердин өкүлдөрү да катышкан.

«Талибан» кыймылы Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алып отуруп, 2021-жылдын 15-августунда Кабулду ээлеп алган. Мурдагы бийлик жетекчилери жана президент Ашраф Гани өлкөдөн качкан.

Андан бери эки жылдан ашык убакыт өтсө да дүйнөнүн бир дагы өлкөсү «Талибан» кыймылын (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстандын мыйзамдуу өкмөтү катары расмий тааный элек.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты